Нурлан Насип — Эне тилде сүйлөйлү текст песни

Нурлан Насип — Эне тилде сүйлөйлү текст песни
Слова песни исполнителя Нурлан Насип. Читайте текст онлайн с любого устройства — легко и удобно!


Текст песни
Улуттун айырмасын тилден алган
Тилибиз бабалардан мурас калган
Өз өлкөм өз тилим болгон үчүн
Кыргызым жашап келет байыртадан
Эне тил ар бир жандын дили болот
Эне тил жүрөгүңдүн үнү болот
Билбеген эне тилин маңкурт делип
Эл алдына чыга албаган сүрү болот

Кайырма:

Өз тилиң кыргыз бурба
Бөлөк тилде маек курба ээй
Эне тилин чаңгандарды
Намыс барбы карап турба ээй
Биз кыргыздар кыргызча сүйлөшөлү
Эне тилин билбегендерди сүрдөтөлү
Кылымдарды карыткан ээй тилибизди
Башкага да кызыктырып үйрөтөлү
Кел кыргызым кыргызча сүйлөшөлү

Миң жылдык жолуду улап жашап келген
Сөздөрүм асылдардын тилин берген
Кыргыздын чоң байлыгы эне тили
Кылымдар карыса да кемибеген

Байлыгы сөз мааниси чектелбеген
Алты миң жашап келет эзелтеден
Манасты берген дилим адам затка
Кыргызга сыймыктанчуу демди берген


Понравился текст песни?

Мы надеемся, что вам понравился текст песни! Если вы заметили ошибку или хотите что-то поправить, не стесняйтесь писать об этом в комментариях.

Комментарии (0)
Добавить